7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чолпон-Атада «Акылман» президенттик лицейи ачылды

719

Чолпон-Атада «Акылман» президенттик лицейи ачылды. Президент Садыр Жапаровдун  ачылыштагы сүйлөгөн сөзү.

«Урматтуу мекендештер! Кадырлуу көл кылаасынын тургундары! Бүгүнкү салтанаттын кымбаттуу катышуучулары! Көзү менен эмес, көөдөнү менен кыргыз элинин эртеңки келечегин көрө билип, “акылын азык, каруусун казык” кылып, акыл калчап, жети өлчөп, бир кесип иш кылган Кыдыр аке, Тилекматаке, Карга аке, Садыр аке, Сарт аке, Мойт аке, Карач аке жана башка кайталангыс калк каймактарынын көчү улансын деген асыл максат, изги тилегибизди ишке ашырууга кадам жасаганы турабыз.

Тагыраак айтканда, Ысык-Көлдүн чок жүрөгү болгон касиеттүү Чолпон-Атада таланты ташкындаган, шык-жөндөмү менен айырмаланган, республиканын булуң-бурчунан атайын сынак менен тандалып алынган зээндүү балдарыбыздын башын бириктире турган “Акылман” лицейи келечек ээлерине эшигин кеңири ачып турган маалы.

Билим берүү тармагындагы мына ушундай мыкты саамалык менен жалпы кыргызстандыктарды чын дилимден куттуктаймын!

Ооба, өлкөбүздө өзгөчө шыктуу балдар арбын. “Кут бир келет — бакпасаң кетип калат, бак бир конот — үйлөсөң өчүп калат” деп учурунда Жусуп Баласагын бабабыз таамай белгилегендей, дал ошондой шык, талант, жөндөмдү бага билип, ага астейдил мамиле кылуу зарыл. Бүгүнкү күндө таланты, жөндөмү менен айырмаланган балдардын өзгөчөлүгүн өркүндөтүү маселеси илимде дагы өтө актуалдуу болуп турган учур.

Мына ошондуктан, өлкө аймагындагы мындай таланттуу балдарыбызга ар тараптуу колдоо көрсөтүү мамлекетибиздин негизги милдети,
башкы саясаты катары саналат.

Мамлекет камкордукка алып, атайын лицей уюштуруу менен мындай балдардын акыл-ой чабыттарын ачуу, өзгөчө ыкмаларды колдонуу аркылуу андан ары өркүндөтүү жалпы билим берүү тармагына эле эмес, өлкөбүздүн өнүгүшүнө, келечек муундун туура багытта тарбияланышына баа жеткис салым болот деп эсептеймин.

Өлкөбүздүн булуң-бурчунда байкалбай жүргөн,
катылып жаткан зээндүү балдарды таап, өзгөчө камкордукка алууну колго алсак, мамлекетибиздин жаркын келечеги камсыздалат десек да жарашат.

Биз ар дайым, “Балдар – биздин келечегибиз!” деп айтып келебиз. Эми айтып эле тим болбой,
“Акылман” лицейин түптөп, алдыга коюлган максатыбызды ишке ашыруу менен жалпы мектептерде ар бир окуучунун талантын ачууга,
алардын катарынын көбөйүшүнө өбөлгө бололу деген ниетте турабыз.

Бул максатта мектеп окуучулары арасында ар кандай кароо-сынактарды, билимин аныктоочу олимпиадаларды системдүү түрдө уюштуруп туруу негизги иш-чарага айланышы зарыл. Ааламдашуу доорунда ар бир бала уникалдуу. Искусство айдыңында болобу, спорт жаатында болобу же билим берүү тармагында болобу, азыркы тил менен айтканда чыгармачыл, интеллектуалдык, академиялык шык-жөндөмдүү балдарды ача билип, билим берүүнүн жаңыча жолуна түшүү — мезгил талабы болуп турат!

“Акылман” мектебине өткөн окуучулар күнүмдүк турмуштун башка иштери менен алагды болбой, кесипкөй мугалимдердин көзөмөлүндө лицейде күн-түнү бир багытты, бир максатты көздөп, ийне менен кудук казгандай билим алышат деген чоң үмүтүм бар. Кудай тилегибизди берип, “Акылман” лицейи ийгиликтүү иштеп баштаса, мындай билим уялары
дагы да кулачын жаят.

“Акылман” лицейинин ардактуу эмгек жамааты!

Ааламдашуу доорунда билимдин, илимдин күчү барган сайын бааланып, жаңы табылгалар, жаңы ачылыштар менен коштолууда. Ага жараша улам кийинки муундун балдары дагы өзгөчө. Мындай шартта сиздерге аябагандай чоң милдет жүктөлүүдө. Өзгөчө ыкма, жаңыча мамиле менен бөтөнчө шыктуу балдардын жан дүйнөсүнө сүңгүп кирип,
туура тарбия, терең билим берүү сиздердин колуңуздарда. Президенттик лицейдин ачылышы менен бүт республиканын көңүлү сиздердин мектепте,
сиздердин иште, сиздер окуткан балдарда болот.

Силер окуткан окуучулар бир лицейдин эмес, жалпы Кыргызстандын сыймыгы болушу керек. Андыктан, күн-түнү изденип, өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасын иликтеп, конкреттүү натыйжа чыгарасыздар деген ойдомун.

Ардактуу агайын-туугандар! Дүйнө агымына жараша “Акылман” лицейинде математика, физика, химия, биология предметтерине басым жасоо мерчемделүүдө. Сабактарды англис тилинде окутуу дагы максатка ылайык деп турабыз. Ошону менен бирге бүгүнкү күндө тарбия маселеси дагы өзүнчө бир көйгөйгө айланып баратканын эске алып, бул билим уясында улуттук нарк-насилге, таалим-тарбияга чоң маани берилерин баса белгилеп кетейин. Мына ошондо дене боюна элибиздин нарк-насили сиңген, интеллектуалдык, илимий жана чыгармачыл дарамети бар өзгөчө зээндүү балдарды тарбиялоого жетишсек, биз “Акылман” лицейин ачуудагы максаттарыбызды: -Кыргызстанда интеллектуалдык жактан өнүккөн муунду калыптандырууну, өзгөчө шыктуу балдарды окутуунун жана тарбиялоонун бирдиктүү системасын ишке ашырган болобуз.

Урматтуу мекендештер!

Мынакей, саналуу күндөрдөн кийин биз үчүн эң кымбат саналган Эгемендик майрамын белгилегени турабыз. Мен Эгемендигибиздин пайдубалын дал ушул ата-бабаларыбыздын жолун улаган, нарк-насилин туу туткан, заман агымына жараша жаңыча ой жүгүртө билген, акылы толук, билими жетик, мекенчил жаштарыбыз бекемдейт деп айтаар элем. Андыктан, кызыл тасмасы кесилип, билимдин даңгыр жолуна жаңыдан кадам шилтеген «Акылман» лицейинин арышы кенен болсун! Өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн, жаркын келечек үчүн жан үрөп иштей турган эмгек жамаатынын аракеттерин ийгиликтер коштосун! Жараткан жалгап, алдыга койгон асыл ой-максаттарыбызга чогуу жетели! Ал эми бул лицейге мыктылардын мыктылары деп тандалып алынган өзгөчө шыктуу балдарга ак жол тилейм»,-деди өлкө башчысы

 

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи канал || 7 kanal (@7kanal_official)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

720