7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто өлкөнүн Көз карандысыздык майрамы белгиленди

547

31-августта Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Ош шаарынын башкы аянтында Кыргызстандын Көз карандысыздык күнүнө жана Кыргызстандын көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмери Насирдин Исановдун 80 жылдыгына арналган гала-концертке катышты.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чара дрондордун шоусу, ошондой эле майрамга арналган театралдаштырылган пролог менен башталды.

Өз сөзүндө мамлекет башчысы кыргызстандыктарды өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгы жана көрүнүктүү ишмер Насирдин Исановдун туулган күнүнүн мааракеси менен куттуктады.

Садыр Жапаров көз карандысыздык тууралуу айтып жатып, кандай ийгиликтерге жетишкенин, тоскоолдуктар кантип жеңгенин, өлкөнүн келечеги кандай курулуп жатканын ар дайым эстеп туруу маанилүү экенин белгиледи.

Андан соң кеченин коноктору үчүн маданият ишмерлеринин жана ата мекендик эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерттик программа уюштурулду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

548