Оштогу тополоңдон кийин 2 киши ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын бирөө укук коргоо органынын кызматкери, экинчиси улакчы. Бирок оюнчу аттан кулап жаракат алганы айтылды.
Бейтаптардын абалы туруктуу.
Окуя болгон жерде 100дөй киши медиктерге кайрылган. Тез жардам унаасы жабыркаган. Унаанын айнектери талкалап салышкан.