7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Көк бөрү чыры: 39 адам кармалып, 5 адамга кылмыш иши козголду

889

Ошто көк бөрү оюну учурунда коомдук тартипти бузган жарандарга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ош облустук милициясы кабарлады.

31-августта Ош облусунун «Төлөйкөн» ат майданында көк-бөрү оюну учурунда коомдук тартипти бузган жана жалпыга бирдей жүрүм-турум ченемдерин атайлап бузуп, бейбаштык жасаган 39 жаран кармалып келген. Анын ичинен 27 жаранга Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча протоколдор түзүлдү.

Ал эми 5 жаранга «Бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, Ноокат районунун 23 жаштагы тургуну М. уулу А., Араван районунун 29 жаштагы И.А., 34 жаштагы А.Б. аттуу тургундары, Өзгөн районунун 51 жаштагы тургуну Ж.Ж. жана Алай районунун 24 жаштагы К.уулу Б. аттуу тургуну Кара-Суу райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө-оперативдик тактоо иштери улантылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

890