Чикагодо «Kyrgyz Community Center» кыргыз коомдук уюмуна кыргыздын эки хан боз үйүн салтанаттуу түрдө тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.
Бул керемет боз үйлөр кыргыз диаспорасы менен мекендин ортосундагы байланышты бекемдөөнүн жана колдоонун белгиси катары Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров тарабынан белекке берилди.
Боз үйлөрдү салтанаттуу тапшыруу аземи кыргыз коомчулугунун борборунда болуп, ага Чикагодогу кыргыз диаспорасынын координаторлор, активисттер жана өкүлдөрү, белгилүү маданият ишмерлери, бизнес өкүлдөрү, журналисттер жана блогерлер катышты.
Чикаго шаарындагы Кыргызстандын башкы консулу Болотбек Борбиев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун куттуктоо катын окуп, анда жашаган жерине карабастан кыргыздын каада-салтын жана маданий мурастарын сактоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.