7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткен облустук милициянын жаңы начальниги өздүк курамына тааныштырылды

267

Баткен областынын милициянын өздүк курамына жаңы жетекчилик тааныштырылды. Бул туралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ИИМдин биринчи орун басары милициянын генерал-майору Өмүрзаков Сүйүн Абдылдаевич бүгүн 15-февраль күнү Баткен ОИИБнын өздүк курамына жаңыдан дайындалган начальник, милициянын полковниги Боронов Мурат Самидинович тааныштырып, жаңы жетекчи облусттук милициянын ишмердүүлүгүн ар тараптын чыңдоо максатында дайындалгандыгын белгилөө менен бирге, жаңы жетекчинин мындан аркы ишмердүүлүгүңө ийгиликтерди каалады.


“Баткен областтык милициясы коомдук коопсуздукту сактоодо өз милдеттерине так иш алып барды. Биздин эң негизги милдетибиз коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулук менен күрөшүү болуп саналат. Бирок биз андан тышкары стратегиялык жактан чегара жакын аймактардын бири болгондуктан чек ара аймактарында да элдин тынчтыгын сактоо, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, коңшу мамлекеттин биз менен чектешкен ички иштер кызматтары менен коомдук тартиптип сактоодогу бардык иш аракеттерди ишке ашырууда Баткен милициясынын орду жогору”,- деп баса белгиледи министрдин орун басары.


Ошондой саптык тизимге каз-катар турган өздүк курамга Баткен областтык милициясынын кызматкерлери башка күч түзүмдөрү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте эл арасында коомдук коопсуздукту сактоо, жарандардын коопсуздугун коргоо багытында чек ара аймактарында жашаган калк менен түшүндүрүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүү тапшырмаларын койду.


Баткен ОИИБнын мурдагы жетекчиси милициянын полковниги Мамасейитов Акылбек Садырбекович Ош ШИИБнин начальниги болуп дайындалды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

268