7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Кыргызалтындын» төрагасы эки айга камакка алынды

484

Пара талап кылуу жана пара алуу фактысы боюнча кармалган «Кыргызалтындын» төрагасы Эльмырза Укубаевдин баш коргоо чарасы каралды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы билдирди.

13-февралда Биринчи май райондук соту Укубаевди 12-апрелге чейин камакка алды.

Укубаев алтын өндүрүүчү компаниялардын биринин директорлор кеңешинин мүчөсүн кызматтан алам деп коркутуп, эмгек акысынын бир бөлүгүн берүүнү талап кылган.

12-февралда жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында, 100 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан учурда Эльмырза Укубаев кармалып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин убактылуу кармоочу жайына киргизилген болчу.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

485