Япониядагы күчү 7,3 баллга жеткен жер титирөөдө 124 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 13-февраль күнү саат 23:08де Япониянын Фукусима жана Мияги префектураларынын аймактарында очогунда күчү 7,3 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Алдын ала маалымат боюнча каза болгондор жок жана болжол менен 124 адам жабыркаган. КРнын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык жабыркагандардын арасында КРнын жарандары жок.