Иран Ислам Республикасынын биринчи вице-президенти Эсхак Джахангири Улукбек Мариповго Премьер-министр кызматына дайындалышына байланыштуу куттуктоо катын жөнөттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
«Иран Ислам Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын ортосундагы тарыхый жана маданий байланыштарды эске алуу менен, ошондой эле эки өлкөнүн мыкты экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу менен биз бардык тармактардагы эки тараптуу кызматташтыктын өнүгүүсүнө күбө болоорубузга ишеним билдирем», — деп айтылат куттуктоо текстинде.