7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Финпол: «Мүлк» мамлекеттик ишканасы мамлекетке 367 млн чыгым алып келген

242

Каржы полициясы «Мүлк» мамлекеттик ишканасынын кызмат адамдары тарабынан мамлекеттик бюджеттин кирешесине 367 миллион сомдон ашык жоготууга алып келген коррупциялык схеманы аныктады. Бул тууралуу аталган мекеменини басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, сотко чейинки процесстин алкагында, «Мүлк» Мамлекеттик ишканасынын жооптуу жетекчилери 2017-жылдан тарта кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып электрондук аукцион өткөрүшүп, ижара келишимин түзүшкөн эмес. Ошол эле учурда, “Караван” соода борборунун чекене аянтын өзүнун адамдарынан арзандатылган нарк менен ижарага алышып, кийинчерээк үчүнчү жакка өзүнүн баасынан бир топ жогору баада ижарага берген.


«Мүлк» мамлекеттик ишканасынын мындай аракеттеринен жөнөкөй ижарачылар-ишкерлер жапа чегип, акыры арызданууга аргасыз болушкан.


Белгилүү болгондой, Бишкектеги ушул сыяктуу соода борборлорундагы 1 чарчы метрдин баасы 70 доллардан 200 АКШ долларга чейин, ал эми «Караван» соода борборунда 1 чарчы метрдин баасы 7 доллардан 20 АКШ долларына чейин. Аудитордун корутундусуна ылайык, ижара акынын 1 кв. метри борбордогу ушул сыяктуу соода борборлорунда 50 АКШ долларын түзөт.


Учурда «Караван» соода борборунун ижарачылары Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына «Мүлк» мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги боюнча кайрылышкан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

243