7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жолборс Жоробеков: Камчыбек Ташиев баарын туура, өз убагында айтты

773

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кечээ, 15-сентябрда Баткенде коңшу өлкөнүн куралдуу кол салуусунан курман болгондорду эскерүү иш чарасында Тажикстан дооматтарын токтотпосо, Кыргызстандын да аларга кое турган дооматы бардыгын, ага негиз катары жаңы тарыхый документтер табылганын билдирген.

Бул боюнча саясат талдоочу Жолборс Жоробеков пикирин айтты.

«Камчыбек Кыдыршаевичтин кыргыз-тажик чек арасына тиешелүү билдирүүсүн ар ким ар кандай чечмелеп жатышат. Арасында билип айтканы да, билбей айтканы да, түшүнгөнү жана түшүнбөгөнү да бар. Менин оюмча, Ташиев туура айтты. Себеби 32 жылдан бери дипломатиялык жолдор менен сыйпалатып айтып келишкен. Ачык айтпай жүрүп ушул күнгө келдик. Мал кайтарып жүргөнүбүз деле «эмнеге айтты, айтпаш керек» дей бергенди токтотуу керек. Бардык сөз туура убакта, өз убагында айтылды. Ушундай сөз айтылышы керек болчу», — деди Жоробеков.
Булак: sayasat.kg

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

774