7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Күч колдонуп коркутуу менен пара талап кылган милиция кармалды

652

12 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен Араван райондук милициясынын участкалык инспектору, милициянын лейтенанты кармалды.

УКМКдан билдиргендей, ал Араван районундагы азык-түлүк дүкөндөрүнүн биринен 26 миң сомдук азык-түлүк уурдалды деген факты менен арыздануучусу жок ишти токтотуу үчүн 31 миң сом талап кылган.

Буга чейин, 21-сентябрда участкалык инспектор Ж.у.К. шектүүнү досу менен бирге кеңсесине чакырып, кылмыш жоопкерчилигине тартам деп коркутуу менен физикалык күч колдонуп 19 миң сом алганы аныкталды.

Ал УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

653