7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташкентте катуу жарылуу болду

1063

Ташкенттеги кампалардын биринде катуу жарылуу болуп, өрт чыкты. Өрттү өчүрүүгө 16 өрт өчүрүү бригадасы тартылганын Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Бүгүн, 28-сентябрда саат 02:43тө ӨКМдин нөөмөт бөлүмүнө Ташкент шаарынын Сергели районундагы «Строитель» массивинин аймагында жайгашкан кампалардын биринде жарылуу жана андан кийин өрт чыккандыгы тууралуу маалымат келип түштү», — деп айтылат билдирүүдө.

Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги жарылуудан жабыркагандар бар экенин, алар Республикалык тез медициналык жардам көрсөтүү илимий борборуна жана анын Ташкент облусундагы бөлүмүнө жаткырылганын билдирди. Алардын арасында оор жаракат алгандар жок. Учурда дарыгерлер бардык керектүү медициналык жардамдарды көрсөтүп жатышат. Жабыркагандардын так саны айтыла элек.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1064