7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Күйөөсү тарабынан кескиленген келиндин операциясына 45 миң доллар кетет

676

Селекцияда күйөөсү тарабынан кескиленген келиндин операциясына 45 миң доллар кетет. Бул тууралуу социалдык тармактагы баракчасында келиндин жакыны билдирген.

Маалыматка караганда, операция үчүн түрк клиникасынан болжолдуу баа айтылган.

«Аселге 2 операция жасалат. 45 миң доллар керек болот. Убакыт 2 жума. Ушул 2 операция жасалгандан кийин гана түрк дарыгерлери бекер пластикалык операция жасап беришет», — деп жазды ал.

Жакындары кечээ, 27-сентябрда да сүрөт жүктөп, мурду менен кулагынан тамтык калбаганын жазган болчу. «Акча чогултуу иштери уланып жатат. Биз Түркияда котормочулукка 6 айга аял жалдашыбыз керек. Дарылар кымбат, учактын билетине, ал жерде жашоого жана узак дарыланууга акча керек», — деген.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

677