7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Азия оюндарында коло медаль уткан Темирлан көзүнө жаш алды

252

Кыргызстандын ушу-саньда боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Темирлан Аманкулов Азия оюндарында коло медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен кабарлашты.

Ал Кытайда өтүп жаткан XIX жайкы Азия оюндарында 75 кг салмак ченинде катышты. Кыргызстандык балбан чейрек финалда монголиялык спортчуну упайлардын көптүк эсеби менен жеңип, жарым финалга чыккан. Ал эми жарым финалдык беттеште ал кытайлык спортчуга жеңилип калган.

Белгилей кетсек, бул Кыргызстан курама командасынын Азия оюндарындагы үчүнчү медалы. Буга чейин дзюдочу Эрлан Шеров алтын медаль жеңсе, Авазбек Аманбеков ушу-саньда боюнча коло медалга тагынган.

Эскерте кетсек, ушул күндөрү Кытайдын Ханчжоу шаарында Азия континентинен 45 өлкөнүн катышуусунда XIX жайкы Азия оюндары өтүп жатат. Оюндарга Кыргызстандан 160 спортчу спорттун 23 түрү боюнча катышууда. 24-сентябрда башталган спорттук иш-чара 8-октябрга чейин уланмакчы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

253