7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Кочкордогу реконструкцияланган «Ормон Хан» паркын көрүп чыкты

576

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-октябрда, Нарын облусунун Кочкор районундагы реконструкцияланган «Ормон Хан» паркын көрүп чыкты.

Паркты көрктөндүрүү иштери тарыхый ишмер Ормон Хан Ниязбек уулунун 230 жылдык мааракесин белгилөөгө арналган иш-чаралардын алкагында жүргүзүлдү. 13 гектар аянттагы «Ормон Хан» паркы 1995-жылы эле ачылган. Пландаштырылган иш-чаралардын алкагында аны реконструкциялоого республикалык бюджеттен 36 млн сомдон ашык каражат каралган. Бүгүнкү күндө паркта эс алуучулардын ыңгайлуулугу үчүн жаңы тротуардык плитка төшөлгөн, жарыктандырылган сейилдөө аймагы курулган, ирригациялык система калыбына келтирилген.

Оркестрдин коштоосунда маданий-оюн-зоок программасы өтүп жаткан «Ормон Хан» паркында Мамлекет башчысы реконструкциядан кийинки паркты көрүп чыгып, Ормон Хандын 230 жылдыгына карата майрамдык иш-чаралардын алкагында өлкөнүн бардык облустарынын өкүлдөрү тарабынан жасалгасы менен орнотулган боз үй шаарчасына барды, аталган программага катышкан коноктор менен баарлашып, боз үйдөгү аксакалдар менен чогуу аламан байге ат чабышын түз эфирде көрүп отурду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

577