Бүгүн 2-октябрда фейсбук социалдык түйүндө Айсана Жээнбаева катары катталган жаран Ош ШИИБнын имаратынын алдындай ыйлап жаткан кыздын видеосун жарыялаган. Ал видеодо жаш кыз милиция кызматкерлерине нааразычылыктарын айтып, кабыл албай койгондугун билдирген.
Видеотасма тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы төмөндөгүлөрдү билдирди.
«1-октябрдан 2- октябрга караган түнү Ош ШИИБне арыз менен Ош шаарында туруктуу жашаган жери жок, Жалал-Абад облусунун тургуну 2006-жылы туулган тургуну арыз менен кайрылып, аны Ош шаарында таксист сексуалдык ыдык көрсөткөндүгүн айтып арызданган. Ыкчам-тергөө тобу тарабынан такси кызматын көрсөткөн айдоочу жана күбө алынып келинип суралган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө телефон кыздын жанынан, сумкасынан табылган, ошондой эле кызга акча каражаты зарыл болгондугу аныкталган. Тергөө кызматынан чыккан соӊ, арыздануучу кыз Ош ШИИБнин имаратында «мени милиция кызматкердери кабыл албай жатат» деген мазмунда башка жаранга ыйлап айтып берген. Бул кыздын арызы боюнча ар тараптуу тергөө иштери уланууда. Такси кызматындагы жарандын, арыздануучу кыздын жана кубөлөрдүн берген маалыматтары ар тараптуу текшерилет. Социалдык жактан коргоо кызматтары менен биргеликте дагы иш алынып барылат»,- деп берилет маалыматта.
Арыздануучу И.А., 2006-жылы туулган, Жалал-Абад облусунун тургуну. Мурда бир нече ирет Ош облусунун жана Ош шаардык ички иштер башкармалыгына ар кандай жарандардын үстүнөн арыз менен кайрылган, арыздары боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынган. Ош ШИИБнын жашы жетелектер менен иштөө инспекторлору тарабынан рейд учурунда кармалып, бир нече ирет социалдык коргоо кызматына өткөрулүп берилген.
Арыздануучу кыздын жүрүм-туруму, тагдыры тууралуу толук маалыматтарды берүүгө мыйзамдар жана кыздын жашы жетелек экендиги жол бербейт…