Боом капчыгайында жол кырсыгы катталып, эки адам каза болду. Социалдык тармактарда тарап жаткан видеолордон жеңил унаанын алдыңкы бөлүгү талкаланып, ал эми бус бир капталына оодарылып калганын көрүүгө болот.
Маалыматка караганда, окуя 1-октябрда болгон. Бус менен жеңил автоунаа кагышкан. Бири ошол жерден мүрт кеткен, дагы бир аял реанимацияда каза болгон. Ушул эле бөлүмдө дагы үч адам жатат. 9 киши хирургия бөлүмүндө экени айтылууда.
Ошондой эле, дагы 11 киши медициналык жардамга муктаж болуп кайрылган.