7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Ормон хан» сейил багында жети дубан ордолорунда маданий иш-чаралар өтүүдө

623

Кочкор айылындагы «Ормон хан» сейил багында Ормон Ниязбек уулунун (Ормон хан) 230 жылдык мааракесине арналган маданий иш-чаралар өтүп жатат. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Сейил бакта “Этно аллеясы”, “Өнөр Мурас” аянты уюштурулган. Катары менен боз үйлөр тигилип, жети дубандын ордолору жасалган. Учурда улуттук кол өнөрчүлүк, улуттук тамак-аш, улуттук спорттук оюндар боюнча кароо-сынактар өткөрүлүүдө. Ага президент Садыр Жапаров баштаган расмий өкүлдөр сейил бактагы маданий иш-чарага күбө болууда.

“Ормон Хан” сейил багы 2013-жылы муниципалдык сейил бак катары каттоодон өткөн. Жалпы аянты 13 гектарды түзөт. Бүгүн сейил бак оңдоп-түзөөдөн кийин пайдаланууга берилди.

Тарыхый инсан Ормон Ниязбек уулунун 230 жылдык мааракесин өткөрүүгө карата сейил бакты оңдоп-түздөө иштерине 36 млн 845 миң сом акча каражаты республикалык бюджеттен каржыланып, “Бейшенбай курулуш” ЖЧКсы тарабынан капиталдык ремонттон өткөрүлгөн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

624