7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акжол Махмудов Азия оюндарынын жарым финалына чыкты

659

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Акжол Махмудов Азия оюндарынын жарым финалына чыкты.

Азия оюндарына кыргызстандык спортчу 4/1 финалдан тарта катышып, 77 кг салмак ченинде беттешүүдө. Махмудов алгачкы атаандашы камбоджиялык Софака Кени 33 секунданын ичинде далысын жерге басып, 4:0 эсебинде жеңип алды.

Жарым финалда кыргыз балбаны казакстандык спортчу Азат Сыдыков менен кез келет.

Эскерте кетсек, ушул күндөрү Кытайдын Ханчжоу шаарында Азия континентинен 45 өлкө катышуусунда XIX жайкы Азия оюндары өтүп жатат. Оюндарга Кыргызстандан 160 спортчу спорттун 23 түрү боюнча катышууда. Спорттук иш-чара 8-октябрга чейин уланат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

660