7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тажикстандын аскерлери ЖККУ машыгуусуна катышуу үчүн келишти

427
5-октябрда ЖККУга мүчө-мамлекеттеринин тынчтыкты сактоочу Жамааттык күчтөрү менен «Бузулбас боордоштук-2023» биргелешкен машыгуусуна катышуу үчүн Тажикстандын аскерлери Кыргызстанга келди. Бул тууралуу коргоо министрлиги билдирди.
Расмий маалыматка карганда, Тажик аскерлери Кантка келип, андан соң машыгуу өткөрүлө турган Балыкчыга жөө жүрүш жасашты. 20636 аскер бөлүгүнүн жетекчилиги тарабынан аларды салтанаттуу тосуп алуу аземи болуп өттү.
Эске салсак, 9-13-октябрда Коргоо министрлигинин 20636 аскер бөлүгүнүн «Эдельвейс» окуу-машыгуу борборунун базасында ЖККУга мүчө мамлекеттердин Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия  жана Тажикстандын тынчтыкты сактоочу Жамааттык күчтөрүнүн аскердик контингенттеринин катышуусу менен «Бузулбас боордоштук-2023» машыгуусу өтөт.
Биргелешкен машыгууну өткөрүү Планына ылайык ЖККУга мүчө мамлекеттердин аскердик контингенттеринин машыгуу өтүүчү районго келиши 6-октябрда жыйынтыкталат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

428