Криминалды идеалдаштырбай, аны кара ниет, кара өзгөй адам катары көрсөтүшүбүз керек. Бул тууралуу депутат Жанар Акаев Азаттыктын «Эксперттер талдайт» берүүсүндө билдирди. Ал күч органдарынын кылмыш дүйнөсүнө болгон күрөшүнүн бардык түрүн колдоорун белгиледи.
«Кыргызстанда эл идеалдаштырып алган каармандар кылмыш дүйнөсүнөн болбошу керек. Кыргызстанда бир гана авторитет — бул мыйзам болушу керек. Мыйзам иштеген өлкө болушубуз керек. Коомчулукта «Көлбаев жакпай калыптыр, ордуна башканы алып келет экен» деген сөздөр чыгып жатат. Эгер андай болсо туура эмес. Деги эле ушундай талкуу болуп жатканынын өзү туура эмес. Бул өтө терең, тамырлашып кеткендиктин белгиси. Жаш балдардан бери ушуну талкуулап жатышат. Ордуна эч ким келбеши керек. Криминал — бул кара ниет, адал эмгеги менен акча таап жаткан ишкерлерди тоногон бандиттер. Буларды биз кара ниет, кара өзгөй, ниети жаман адамдын үлгүсү катары көрсөтүп турушубуз керек. Тескерисинче, аны идеалдаштырып, «спортту өнүктүргөн» деп меценат көрсөтүп жазып жаткандарга таң калып жатам. Кандай болгон күндө да ал акча арам. Бешене тери менен акча тапкан ишкерлерди тоноп алган акча. Кримдүйнөсүнүн өкүлүмүн дегендин баарына согуш болушу керек. Ушуну менен токтобошубуз керек. Ушундай деңгээлге жетип калдык — бийлик катуу күрөшпөсө, криминал бийликти ээлеп алчудай абалга келип калганбыз. Ошондуктан мен толук колдойм», — деди Акаев.