7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Элден айланса болот! Чөбү өрттөнүп кеткен тургунга айылдаштары жардам берди

550

Сентябрь айында Ак-Моюн айылында балдардын шоктугунан айыл тургуну Таалайбек Абдразаковдун тоютка деп чогулткан 600 боо чөбү өрттөнүп кетип, ордун айылдыктар толуктап беришти. Бул тууралуу Ак-Моюн Айыл өкмөтүнөн билдиришти.

Айыл тургунунун өрттөнүп кеткен тоют чөбүнүн ордун толуктоо максатында айыл өкмөт башчысы Бакытбек Кошалиев тарабынан демилге көтөрүлгөн. Анда, өрттөнүп кеткен тоюттун ордун толуктоо максатында айылдын тургундарынан ыктыярдуу тоют берүүчүлөр болгон болсо ошолордун эсебинен толуктоону сунуш кылган. Демилгени колго алган айыл тургундары өз каалоолору менен, шарттарына жараша үймө-үй кыдыруу менен тоют чогултуп беришкен. Натыйжада өрттөнүп кеткен тоют чөп ордуна толукталып берилген.

Жабыркаган үй-бүлө демилгени колдоогон жалпы айыл элине, тоют чогултууга көмөк көрсөткөн тургундарга терең ыраазычылык билдирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

551