Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу топторунун иш-аракеттерине каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаранын алкагында 54 жаштагы жаран кармалды.
Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө П.О.В. аттуу 1969-жылы туулган жарандын үйүндө жана иш бөлмөсүндө ок атуучу куралдардын гильзалары, бычактар жана мамлекеттик маанидеги көп сандагы документтер табылып алынган.
Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Мындан тышкары анын фирмаларынын каржылык ишмердүүлүгүн текшерүүгө буйрук берилди.
Учурда уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.