Социалдык тармактарда милиция кызматкери жаран менен урушуп, мушташууга сунуш киргизген видео тарады.
“Унааңарды алгыла мындай спорить этпей! Мен сага гаишник эмес, ким көрүнүп жатам? Эркекче сүйлөшөм десең жүр, форманы чечейин, мушташалы”,- деп милиция орой мамиле жасап сөгүнгөн.
Бул окуя боюнча Бишкектин Кайгуул милициясы мындай кызматкер аларда иштебей турганын айтты.
Учурда милиция кызматкери изделип жатат.