7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткен облусунда уурулукка шектелгендердин бети ачылды

524

Баткен облусунун Айдаркен шаарчасында уурулукка шектелгендердин бети ачылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган аймакта февраль айларында сыртта токтоп турган Хундай-Портер үлүсүндөгү унаалардын аккумуляторлорун белгисиз адамдар түн ичинде уурдап кетишкендигин билдирип, жалпысынан 6 арыз келип түшкөн.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 90-берене «орчундуу эмес өлчөмдө уурдоо» боюнча катталып, текшерүү иштери башталган.

«Текшерүү иштеринин жүрүшүндө Кызыл-Кыя шаарындагы “Таштемир-Ажы” борбордук базарында уурдалган аккумуляторлорду сатып жаткан жеринен Айдаркен шаарынын 16 жаштагы М.А. жана 17 жаштагы О.С. аттуу тургундары аныкталып кармалышкан. Азыркы күндө тергөө иштери жүргүзүлүп, уурдалган аккумуляторлор өз ээлерине кайтарылып берилди»,  деп жазылат маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

525