Эртең, 24-октябрда, Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргыз Республикасынын Кубогунун финалы өтөт. Башкы трофей үчүн Кочкор-Атанын «Нефтчи» жана Манас шаарынын «Мурас Юнайтед» командалары күч сынашат.
Бүгүн, 23-октябрда, финал алдындагы басма сөз жыйыны өтүп, командалардын өкүлдөрү журналисттердин суроолоруна жооп беришти. Футболчулар даярдык учурунда жаракат алышканына карабастан, учурда кайрадан калыбына келип, чечүүчү беттешке даяр экендиктерин билдиришти.
Эми командаларды сезондун эң маанилүү оюнунун бири күтүп турат. Кайсы команда Кыргыз Республикасынын Кубогун жеңип алары эртең белгилүү болот.



