7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Россия Кыргызстанды газдаштырууну 60%га жеткирүүгө жардам берет

521

Кыргыз бийлиги ишке ашырып жаткан өлкөнү газдаштыруу программасына россиялык «Газпром» компаниясы да олуттуу жардам көрсөтүүдө. Бул тууралуу Владимир Путин расмий сапарынын жыйынтыгын чыгарып жатып билдирди.

Анын айтымында, россиялык концерн буга чейин Кыргызстандын газ менен камсыз кылуу системасына 18 млрд рубль инвестиция салып, натыйжада газ менен камсыздоо деңгээли 30 пайызга чейин өскөн.

«Биз билебиз жана президент (Кыргызстандын) дагы бул процесстин бардык катышуучуларынын алдына ушундай милдетти коюп жатат: Кыргызстандын өкмөтү бул көрсөткүчтү 60 пайызга жеткирүүнү күтүүдө жана, албетте, биз буга ар тараптан жардам беребиз», — деп белгиледи Путин.

Ошондой эле, былтыр 1,2 тонна күйүүчү май экспорттогонун, быйыл да ошончо көлөмдө жөнөтүлөрүн белгиледи.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

522