Бүгүн, 12-октябрда, Россиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында кыргыз-россиялык биргелешкен кызматташтыкты арттырууга багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.
Ошондо, төмөнкү документтерге кол коюлду:
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Россиянын Биринчи Президенти Б.Ельцин атындагы КРСУнун иштөө шарттары жөнүндө макулдашуу;
— Юстиция министрлиги менен Россия Федерациясынын Юстиция министрлигинин ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу;
— Юстиция министрлиги менен Россия Федерациясынын Юстиция министрлигинин ортосундагы 2023-2024-жылдарга кызматташтык программасы;
— Айыл чарба министрлиги менен Россия Федерациясынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин ортосундагы токой чарбасын өнүктүрүү жаатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
— Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлиги менен Россия Федерациясынын жаратылыш ресурстары жана экология министрлигинин ортосундагы айлана-чөйрөнү жана жаратылыш ресурстарын коргоо жаатындагы кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум;
— Билим берүү жана илим министрлиги менен М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети ортосундагы ниет протоколу;
— Россия Федерациясынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ортосунда биологиялык коопсуздукту камсыздоо маселелери боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.