7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Путин Садыр Жапаровду Ардак ордени менен сыйлады

466

Россиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында бүгүн, 12-октябрда, президент Садыр Жапаровду Ардак ордени менен сыйлоо аземи болду.

Садыр Жапаров Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерин чыңдоого жана Евразия мейкиндигинде интеграциялык процесстерди өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн жогорку сыйлыкка татыды.

Путин Кыргызстандын президентинин эки өлкө ортосундагы мамилелерди жандандыруудагы аракеттерине жогору баа берип, Садыр Жапаров мындан ары да Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы эки тараптуу өз ара байланыштарды тереңдетүүгө көңүл бурарына бекем ишенимин билдирди.

Өз кезегинде президент Садыр Жапаров Владимир Путинге көрсөтүлгөн урмат жана жогорку сыйлык үчүн ыраазычылыгын айтты.

Мамлекет башчысы бул эки өлкө ортосундагы мамилелердин жогорку деңгээлин тастыктаарын белгиледи. Садыр Жапаров мындан ары да эки тараптуу кызматташтыктын потенциалын өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө бардык күч-аракетин жумшай тургандыгын билдирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

467