7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президенттин тапшырмасы менен Памирдегилерге жардам көрсөтүлдү

474

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен афган элине гуманитардык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-16-октябрга чейин Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Саламаттыкты сактоо министрлиги, КР Айыл чарба министрлиги, Тышкы иштер министрлиги жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен турган гуманитардык экспедиция Бадахшан провинциясына, ошондой эле Афганистандын Кичи жана Улуу Памирине кургактык транспорту менен 2 тоннага жакын дары-дармектердин жана ветеринардык препараттардын партиясы жеткирилди.

Медицина кызматкерлерине: педиатр, терапевт, стоматолог, гинеколог кирди, алар бийик тоолуу шартта, 4200 метр бийиктикте үч күн ичинде 600дөн ашык муктаж болгон жергиликтүү тургундарды медициналык кароодон өткөрүштү жана дарылашты. Ветеринарлар эпизоотиялык абалды изилдеп, 700дөн ашык бодо малды жана майда малды эмдөөдөн өткөрүштү.

Ошондой эле жергиликтүү тургундарга ветеринардык дары-дармектер берилип, аларды ар кандай оорулардын алдын алуу үчүн колдонуу боюнча окуулар өткөрүлдү.

Гуманитардык миссиянын жыйынтыгы боюнча ооган бийлиги жана Ооганстанда жашаган этникалык кыргыздар президентке, министрлер кабинетине жана Кыргызстандын элине көрсөткөн ар тараптуу камкордугу үчүн ыраазычылык билдирип, бул жардамды тарыхый деп баалашты.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

475