7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Кадастрдын» Бишкек филиалынын экс-директору менен орун басары кармалды

518

“Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Бишкек филиалынын экс-директору жана анын орун басары Э.Гареев атындагы Ботаникалык бактын аймагынан жер тилкелерин мыйзамсыз бергендиги үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

«Тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Бишкек филиалынын жетекчилиги жана башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан материалдык пайда алуу максатында, УИАнын “Көк-Жар” эксперименталдык базасынын балансындагы Бишкек шаарынын И.Ахунбаев көчөсүнүн 1а дареги боюнча жайгашкан жалпы аянты 0,244 га (Ботаникалык бактын түштүк тарабы) жер тилкесин жеке менчикке өткөрүп берүү боюнча коррупциялык схемасы уюштурулганы аныкталды. Анда, аталган жер тилкелери Э.Гареев атындагы ботаникалык бактын жалпы тосмосунун ичинде жайгашкандыгына карабастан Бишкек шаарынын мэриясынын жасалма токтомун чыгаруу жолу менен мыйзамсыз укук белгилөөчү документтер берилген»,- деп берилет маалыматта.

Жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгына ылайык, жер тилкелерин мыйзамсыз берүүдөн келтирилген зыян 31 миллион сомдон ашык сумманы түзөт.

Аталган жарандар УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда бул кылмышка тиешеси бар адамдардын чөйрөсүн аныктоо, мыйзамсыз алынган жер тилкелерин мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча зарыл болгон тергөө иш-чаралары улантылууда.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

519