7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Улукбек Марипов Айсулуу Тыныбекованы жеңиши менен куттуктады

856

Премьер-министр Улукбек Марипов Айсулуу Тыныбекованы Украинанын борбору Киев шаарында өткөн эл аралык турнирде жеңишке жетиши менен куттуктады. Куттуктоону өкмөт башчы социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

«Урматтуу Айсулуу Болотовна! Алтын медалыңыз менен куттуктайм! Сиздердин жеңишиңиздерди кызыгуу менен көрүп, сыймыктануу менен кабыл алдык. Бүгүнкү жетишкендигиңиз тынымсыз эмгек, талыкпас машыгуулардын жыйынтыгы болду десем жаңылбайм.

Сиздин жеңишиңиз элибиздин духун көтөрүп, жаштарыбыздын ишенимин бекемдеген жалпыбыздын сыймыгыбыз!», — деп жазды Марипов.

Киевде өткөн эл аралык турнирде Айсулуу Тыныбекова финалда украиналык балбан кыз менен кез келип, 9:7 эсебинде жеңүүчү аталган.

857