7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Соода борборлордо бомба коюлганын айткан жигит аныкталып, ал кайрылуу жасады

493

Террордук коркунучтар менен анонимдүү билдирүүлөрдү тартакан адамды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, А.Р.А. интернет колдонуучуларынын жеке маалыматтарын хакерлик жол менен алуу жана уурдоо, фейк жаңылыктарды жөнөтүү, анын ичинде КМШ аймагында бомба бар экендиги тууралуу жалган маалымат жана анонимдүү билдирүүлөрдү жөнөтүү боюнча буюртмаларды кабыл алып, иштеп келишкен КМШнын адистешкен жарандарынан турган жабык трансулуттук кибер топтун активдүү катышуучуларынын бири болгону аныкталып, кармалган.

“Кармалган жаран 30-октябрда VPN маалыматтарын жашыруун өткөрүп берүү үчүн колдонулган технологиясы менен ИИМдин катчылыгына соода борборлоруна бомба коюлгандыгы тууралуу анонимдүү билдирүү жөнөткөндүгү аныкталды. Ошондой эле, анын 18-июлда ГУМ соода борборунда бомба коюлгандыгы тууралуу анонимдүү билдирүүлөрдү жөнөтүүгө катыштыгы бар экендиги белгилүү болгон” – деп айтылат маалыматта.

УКМК мындай жосундарды жасагандар Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренесине (Терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү) ылайык кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылып, 5 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратыларын эскертет.

494