7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ырчы Бакыт Мамаев жандандыруу бөлүмүндө жатат

776

Ырчы, обончу, тамада Бакыт Мамаев оор абалда ооруканада жатат. Ага тез арада операция жасоо керек.

«Унаада бара жатып эле өзүн начар сезе баштаган. Ооруканага алып барса, мээсине кан куюлуп кетиптир. Кан каракуш мээге уюп калып, мээни кысып жатыптыр. Операцияга 7-ноябрга чейин 10 миң доллар керек экен», — деп Сереп медиа маалымат агенттигине анын жээни Нуркыз Рыскул кызы билдирген. Ал Бакыт Мамаевдин учурда Бишкектеги ооруканада жандандыруу бөлүмүндө жатканын айтты.

Жардам берүүнү каалагандар үчүн:

Мбанк: 0773876789 (Бактыбек М)

Банк эсеби: 4177490161386687

Жакында эле Бакыт Мамаев Бишкек шаарынын четиндеги жаңы конушта үйүнүн короосунда каз, өрдөк, тоок багарын айтып 7-каналга маек берген.

 

777