Ырчы, обончу, тамада Бакыт Мамаев оор абалда ооруканада жатат. Ага тез арада операция жасоо керек.
«Унаада бара жатып эле өзүн начар сезе баштаган. Ооруканага алып барса, мээсине кан куюлуп кетиптир. Кан каракуш мээге уюп калып, мээни кысып жатыптыр. Операцияга 7-ноябрга чейин 10 миң доллар керек экен», — деп Сереп медиа маалымат агенттигине анын жээни Нуркыз Рыскул кызы билдирген. Ал Бакыт Мамаевдин учурда Бишкектеги ооруканада жандандыруу бөлүмүндө жатканын айтты.
Жардам берүүнү каалагандар үчүн:
Мбанк: 0773876789 (Бактыбек М)
Банк эсеби: 4177490161386687
Жакында эле Бакыт Мамаев Бишкек шаарынын четиндеги жаңы конушта үйүнүн короосунда каз, өрдөк, тоок багарын айтып 7-каналга маек берген.