7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Үч адамды өлтүргөн Чынтемир Аширалиев өмүр бою эркинен ажыратылды

661

Аялды эки баласы менен өлтүргөн Чынтемир Аширалиев өмүр бою эркинен ажыратылды. Өкүмдү Бишкектин Октябрь райондук соту чыгарды.

Мындай жазаны жабырлануучу тарап, прокурор сураган. Соттолуучу өзү аягына чейин күнөөсүн мойнун алган жок.

Сот отуруму дээрлик 4 айга созулду. Жараянда айыпкер маркум аял менен 2012-жылдан бери жакын мамиледе жүрүп, бир уулдуу болгону аныкталды.

Эскерте кетсек, 5-кичи райондо 51 жаштагы Алтынай Канзаманова өз үйүндө 17 жаштагы кызы жана 9 жаштагы уулу үчөө өлтүрүлгөн.

 

662