7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз-тажик чек арасынын 17,98 чакырымы макулдашылды

510

Жетишилген макулдашууга ылайык, 2023-жылдын 1-8-ноябрына чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу Тажикстандын Согди облусунун Бустон шаарында болуп өттү.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 17,98 чакырымы боюнча макулдашты.

Тараптар Кыргызстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда калган тилкелер боюнча тиешелүү ишти улантат.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тиешелүү протоколго кол коюлду.

Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү.

511