7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ашууларда абал кандай?

460

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги өлкөнүн ашууларындагы жолдордун абалы тууралуу маалымат берди.

Маалыматка ылайык, Бишкек — Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда кар жаап жатат, жол ачык. Ошондой эле Чычкан капчыгайында жана Ала-Бел ашуусунда каттам ачык. Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан күзөт уюштурулган.

Суусамыр — Талас — Тараз унаа жолунун Өтмөк ашуусунда дагы кар жаап жатат, азыркы учурда жол кыймылына чектөө жок, өтмөк ачык. №36 ЖТИ тарабынан күзөт бар.

Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун Долон жана Кызыл-Бел ашууларында учурда кар жаап жатат, унаа жол ачык, №41 ЖТИ кызматкерлери жеринде иш алып барышууда.

Ысык-Көл облусунун Чоң ашуусунда күн бүркөк, учурда ашуу ачык, каттам бар.

461