7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Акча чогултуу токтоду». Бакыт Мамаевге бүгүн операция жасалары күтүлүүдө

458

Ырчы, обончу, тамада Бакыт Мамаев оор абалда ооруканага түшүп калган. Анын жээни Нуркыз Рыскул кызы операцияга 7-ноябрга чейин 10 миң доллар керек экендигин айткан.

Бүгүн, 9-ноябрда жээни операцияга акча чогултуу токтогонун билдирди.

«Бир тууган тайкем кокус жерден жыгылып, башына кымбат баадагы операция жасатуу керек болуп, өтө чукул арада болгондуктан сиздерге кайрылуу жасаганбыз. Элден айланса болот! Калың элге жана өнөрдөгү сахналаштарына, жердештерине алкыш! 6 күн ичинде тынымсыз жардам кылып, кайрымдуулук концертин уюштурсак аны колдон-буттан алып колдоп, ушул күндөр аралыгында мен жарыялаган банк эсебине, Мбанкына жана кайрымдуулук концерттине түшкөн каражаты биригип, 6500 доллар чогулду да, үстүнө калган акчаны туугандары кошуп, аппаратына акча төлөнүп, бүгүн операцияга кире турган болууда. Биз үчүн эң башкысы аппараттын акчасын тез арада табуу болчу. Расмий түрдө элден акча чогултууну токтотобуз. Эгерде мындан аркы дарылануусуна жардам берем десеңиздер өзү операциядан чыккандан кийин, ден-соолугу жакшы болгондо Республикалык ооруканага келип жолугуп турсаңыздар болот»,- деп жазды ал.

 

459