Женевадагы аукциондо сейрек кездешүүчү көк алмаз 48 миллион долларга сатылды. Бул тууралуу Christies аукцион үйү билдирди.
Маалыматка караганда, анын салмагы 17,61. Ал өзгөчө көлөкөсүнөн улам Bleu Royal аталышын алган. Баалуу таш 50 жылдай жеке коллекцияда турган жана бул биринчи жолу аукционго коюлган.
“Бул бриллиант эң сейрек кездешүүчү таштардын бири”, — деп айтылат аукцион үйүнүн маалыматында.
Белгилей кетсек, Bleu Royal 2023-жылы сатылган дүйнөдөгү эң кымбат зер буюм болуп калды.