7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ишкерден ири суммада акча талап кылган шектүүлөр кармалды

449

Ишкерден ири суммадагы акча каражатын талап кылган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, сентябрда ИИМдин кызматкерлерине Чүй облусунун тургунун коркутуп, 45 миң доллар өлчөмүндөгү акча талап кылып жаткан жарандар тууралуу маалымат түшкөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө бул факты тастыкталган. Белгилүү болгондой, опузалап акча талап кылгандар колунда бар адамдарды аныктап, ири суммадагы акчаны ай сайын берип турууну  талап кылып, андан сырткары кылмыш чөйрөсүнө көңүл бурбаганын айтышып, коркутуп келишкен.

Топтолгон материалдардын негизинде кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси “Опузалап талап кылуу” боюнча   кылмыш иши козголгон.

Бир аз күн мурда Кара-Балта шаарынын аймагынан жогоруда көрсөтүлгөн акчанын бир бөлүгүн-165 миң сомду  опузалап алган жеринен кылмыштуу топ кармалды.

Кармалган жарандар:

-Чүй облусунун Панфилов районунун тургуну 1993-жылы туулган Д.А..

— Чүй облусунун Панфилов районунун жашоочусу 1985-жылы туулган Ж.М..

-Чүй облусунун тургуну, Россия Федерациясынын жараны 1986-жылы туулган Т.Б..

— Чүй облусунун Панфилов районунун жашоочусу 1994-жылы туулган О.М..

— Чүй облусунун Панфилов районунун тургуну 1988-жылы туулган У.К..

Кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга камалып, тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

450