Ишкерден ири суммадагы акча каражатын талап кылган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, сентябрда ИИМдин кызматкерлерине Чүй облусунун тургунун коркутуп, 45 миң доллар өлчөмүндөгү акча талап кылып жаткан жарандар тууралуу маалымат түшкөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө бул факты тастыкталган. Белгилүү болгондой, опузалап акча талап кылгандар колунда бар адамдарды аныктап, ири суммадагы акчаны ай сайын берип турууну талап кылып, андан сырткары кылмыш чөйрөсүнө көңүл бурбаганын айтышып, коркутуп келишкен.
Топтолгон материалдардын негизинде кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси “Опузалап талап кылуу” боюнча кылмыш иши козголгон.
Бир аз күн мурда Кара-Балта шаарынын аймагынан жогоруда көрсөтүлгөн акчанын бир бөлүгүн-165 миң сомду опузалап алган жеринен кылмыштуу топ кармалды.
Кармалган жарандар:
-Чүй облусунун Панфилов районунун тургуну 1993-жылы туулган Д.А..
— Чүй облусунун Панфилов районунун жашоочусу 1985-жылы туулган Ж.М..
-Чүй облусунун тургуну, Россия Федерациясынын жараны 1986-жылы туулган Т.Б..
— Чүй облусунун Панфилов районунун жашоочусу 1994-жылы туулган О.М..
— Чүй облусунун Панфилов районунун тургуну 1988-жылы туулган У.К..
Кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга камалып, тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.