7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Көлбаевдин УКТ мүчөлөрү тарабынан ишкерлерге келтирилген зыяндын орду толтурулду

658

УКМК тарабынан жок кылынган «мыйзамдагы ууру» аталган Камчы Асанбектин (Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү тарабынан ишкерлерге келтирилген зыяндын орду толугу менен толтурулду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Мурда маалымдалгандай, УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында көп жылдар бою ишкерлерден жана Кыргыз Республикасынын жарандарынан КЭРден экспорттолгон жүктөрдү жана эл керектөөчү товарларды мыйзамсыз тартып алуу менен алектенип келген, ошону менен бирге Кыргызстандын жана КМШ өлкөлөрүнүн аймагында туруктуу кылмыштуу схеманы уюштурушкан, маркум кылмыштуу лидер К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалган.

Эскерте кетсек, УКМКга кылмышкерлер тарабынан 385 миң АКШ доллары өлчөмүндө материалдык зыян тарткан “М.Г.” атту жаран арыз менен кайрылган. Текшерүүнүн жыйынтыгында арыз ээсинин жүйөлөрү тастыкталып, “өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык” фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, ошондой эле иш боюнча чогултулган далилдердин негизинде К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун айрым мүчөлөрү, анын ичинде Юстиция министрлигине караштуу ЖАКтын түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткан адамдар аныкталып, кармалган. Кармалган айрым адамдар тарабынан келтирилген зыян транспорттук-логистикалык ишканага жана эл керектөөчү товарлардын ээлерине толугу менен толтурулду. Алар уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү жана ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер үчүн УКМКнын жетекчилигине жана бардык кызматкерлерине ыраазычылык билдиришти.

Учурда сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын негизинде тергөө амалдары уланууда.

659