«Манас» эл аралык аэропортунун кызматкерлеринин жумуш шартын жакшыртуу үчүн эки автобус сатып алды. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Аталган автобустар мурун каттап жүргөн эски транспорт каражаттарынын ордуна каттамакчы. «Манас» эл аралык аэропорту ААК Башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов автобустардын сапатын текшерип, аэропорттун кызматкерлери менен бирге жаңы транспорт каражатына түшүп бирге жол жүрдү. Жакынкы жылдарда жумушчулардын эмгек шарттарын жакшыртуу үчүн инфраструктуралык жана техникалык базаны жаңылоо максат кылынууда.
Манасбек Самидиновдун айтымында, башкы максат – Кыргыз Республикасынын аэропортторунда кызматкерлерге да, жүргүнчүлөргө да ыңгайлуу шарттарды түзүү.