7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Министрлер кабинетинин айрым мүчөлөрүнүн ант берүү аземи болуп өттү (ФОТО)

426

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-ноябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер Кабинетинин айрым мүчөлөрүнүн ант берүү аземине катышты.

Мамлекет башчысынын катышуусунда:
— жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаев;
— саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев;
— билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева;
— эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова;
— санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева ант беришти.

Андан соң президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, депутаттарды алдыдагы Жогорку Кеңештин 85 жылдык мааракеси менен куттуктап, мамлекеттик бийликтин бир бутагы катары Кыргызстандын турмушунда парламенттин ролу зор экенин баса белгиледи.

427