7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кырсыкка кабылган унаанын ичинде Ноокаттын акими болгон эмес

653

Ош облусунун Ноокат районунун акими Данир Иманалиевдин кызматтык унаасы жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу 7-каналга райондун башчысы маалыматты тастыктады. Анын айтымында, кырсык катталган учурда аким өзү унаада болгон эмес.

«Мен жумуш бүткөндөн кийин калганмын. Унааны айдоочум айдап кеткен. Кырсык болгонун мен да эртең менен уктум. Айдоочум үй-бүлөлүк маселелери менен шаарда жүргөнүн айтты. Анын мас абалында болгонбу же болгон эмеспи азыр териштирүү жүрүп жатат. Бул үчүн айдоочу административдик жазага тартылат. Тактап айтканда, жумушунан кетет»,- деди Иманалиев.

Эске салсак, окуя Ош шаарынын Масалиев көчөсүндө 15-ноябрь түнү орун алган. Ал эми, Ош ШИИБнын ЖКККБ бөлүмүнүн басма сөз кызматы менен байланышканыбызда маалымат бере алган жок.

 

 

654