7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өзгөн шаарынын мэри Дамир Моңолдоров кармалды

529

Өзгөн шаарынын мэри уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар делип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 139-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (Өмүргө жана ден-соолукка коркунучтуу зомбулук көрсөтөм деп коркутуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча катталган кылмыш ишинин алкагында, ошондой эле «мыйзамдагы ууру» К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу топбунун ишине катышкан деген шек менен, Ош облусунун Өзгөн районунун Өзгөн шаарынын мэри М.Д.Ч кармалды.

Ал өзүнүн жеке кызыкчылыгын көздөгөн максаттарына жетүү үчүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн системалуу түрдө пайдаланып, өзүнө жакпаган адамдарды коркутуп келген.

Кылмыш дүйнөсүнүн айрым өкүлдөрү күч колдонуу коркунучу астында жарандык активисттен Өзгөн шаарынын мэринин ишин сындоону токтотууну жана массалык маалымат каражаттарында чагылдырбоону талап кылып, антпесе ден-соолукка олуттуу зыян келтиребиз деп коркутушкандыгы аныкталды.

13-ноябрда мэрдин кызматтык иш бөлмөсүнө тинтүү жүргүзүлдү. Учурда жогорудагы адамдар кармалып, УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча тергөө абагына камака алынды.

530