7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сүйлөшкөн кызын уурдап кеттик деп, 3 миң доллар талап кылгандар кармалды

777

Сүйлөшкөн кызын сатып алуу үчүн жигитинен 3 миң АКШ долларын опузалап талап кылган эки шектүү кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдириши.

Милицияга арыз менен жаран кайрылып, “Малика” аттуу белгисиз адамдарга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранган. Алар арыздануучунун сүйлөшкөн кызы үчүн 3 миң АКШ долларын опузалап талап кылып, бирөөсү өзүн милиция кызматкери катары тааныштырган.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө арыздануучудан 25 миң сом акча каражатын алган жеринен Чүй облусу менен шаардын тургуну кармалган.

Иликтөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, кыз уктап калган учурунда чала тааныштары жеңил акча табуу максатында кыздын жигитине чалышып, акча каражатын опузалап талап кылышкан.

Бул факты боюнча Опузалап талап кылуу менен кылмыш иши козголгон. Кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайына киргизилип, иликтөө иштери жүрүп жатат.

 

778