7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Марипов: Чек ара аймагында жашаган ар бир жаран мамлекеттин колдоосун сезиши керек

500

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов 2021-2025-жылдары өзгөчө статуска ээ болгон Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруунун иш-чаралар планын талкуулоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын отурумун өткөрдү.

«Жергиликтүү тургундар күн сайын туш болуп жаткан чыныгы көйгөйлөрдүн чечилишин планга киргизүү зарыл. Эң башкысы, алар «кагаз бетинде» гана эмес, иш жүзүндө колдонулушу керек», — деди Өкмөт башчы жана ал инфратүзүмдүк долбоорлор артыкчылыктуу болушу керектигин, ошону менен бирге ишкердик стартаптарга өзгөчө көңүл бурулууга тийиштигин кошумчалады.

«5-8 адамды жумуш менен камсыз кылган жергиликтүү ишкерлерге дем берип, салыктык жеңилдиктерди берүү, жеңилдетилген насыя ресурстарын сунуштоо, өндүрүмдөрдү коңшу өлкөлөргө сатууга көмөктөшүү мүмкүндүктөрүн карап чыгуу кажет. Бул аймактардагы экономикалык көрсөткүчтөрдү көтөрүп гана тим болбостон, аларды жогорулатууга кошумча түрткү берет», — деп жыйынтыктады Премьер-министр, ал киргизилген сунуштарды эске алуу менен, алардын тажрыйбалык багытына таянып, планды кайра карап чыгууну тапшырды.

501